Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулат
11.10.2025 | 15:00

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында дүйнөлүк стандарттагы алгачкы родельбандын курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, одельбандын узундугу 1 миң 200 метр болуп, 36 чана коюлат жана саатына 500 конокту кабыл ала алат.
Долбоор «Wiegand» ишканасы менен биргеликте ишке ашат. Капсула салуу аземине аталган ишкананын директору Юрген Хельмут Рушке катышкан. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын жаратылышына терең таасирленгенин жана ишкана өлкөдө мындай долбоорду ишке ашырып жаткандыгы өзгөчө окуя экенин белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом