Марипов коронавируска каршы эмдөөдөн азырынча өтпөйт. Себеби айтылды

Марипов коронавируска каршы эмдөөдөн азырынча өтпөйт. Себеби айтылды

Премьер-министр Улукбек Марипов коронавируска каршы эмдөөдөн азырынча өтпөйт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын башчысы Толкун Камчыбекова кабарлады.

Улукбек Мариповдун пикиринде эмдөөнү алгач коркунуч зонасындагылар – медицина кызматкерлери, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы керектиги айтылат.

Ал эми премьер-министр өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле вакцинага мүмкүнчүлүк алуу маанилүү деп эсептейт, ошондуктан ал вакцинаны Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган артыкчылыктуу тартипте алат.

Билдирүүгө таянсак, премьер-министр буга чейин коронавирус илдети менен ооруган, буга байланыштуу дарыгерлер анын иммунитети азыркы учурда өлкөнүн бардык жарандары үчүн вакцинанын көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн күтүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>