Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартты

Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартты

Бүгүн, 27-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартты. Бул тууралуу Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз  Facebokтагы баракчасына жазып чыкты.

Жактоочу жарыялаган маалыматта 24.kg агенттиги төгүндөө жарыялагандыгына байланыштуу моралдык чыгым үчүн коюлган 15 млн. сомдон баш тартышканы жазылган.

Эскерте кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>