Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Мекеним сага келдим» ырын окуп берди. Видео спортчунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Жашасын менин өлкөм, жаша Кыргызстан!» — деп жазган ал.
Ырдын автору акын Акбар Кубанычбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди.