Мектептин жанында зыяндуу азыктарды сатууга тыюу салынышы мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлиги мектептердин жанында зыяндуу тамак-аш азыктарын сатууга тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоордо айтылды.
Ага ылайык, мектептин аймагынан 100 метр радиуста зыяндуу тамак-аш азыктарын сатуу жана таратуу үчүн объекттерди жайгаштырууга тыюу салынат.
Эске салсак, 31-октябрда Бишкектеги жеке мектептердин биринде окуучулар жана мугалимдер массалык түрдө тамактан ууланганы белгилүү болгон. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага кусуу, диарея жана оору симптомдору менен жалпы 58 адам кайрылган, алардын ичинен 54ү балдар, 4ү чоңдор болгон.
Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги ууланган адамдардын саны 84кө жеткенин билдирди.
Мындан тышкары токтом долбоорго ылайык, башталгыч класстардын окуучулары үчүн 4 кабаттуу имараттарды курууга уруксат берилет. 4-кабатта кызматтык-тиричиликтик жана рекреациялык жайлар, балдар менен иштөө үчүн кошумча жайлар (психологдун, логопеддин кабинети) жайгаштырылат. Мындай чечим турак жайдын жыш курулушунун жана жайдын жоктугунун шарттарында уруксат берилиши мүмкүн.
Ошондой эле токтом долбоордо спорт залдарында окуучулардын эркек жана кыздар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу жайларды жана дааратканаларды жабдуу сунушталган.