«Мен – өзгөрүүдөмүн»: Бишкекте Кыздардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өттү

10.10.2025 | 13:21

Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү уюштурган Кыздардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага катышты. Иш-чара Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетте (БАЭУ) өттү.

Ага Чүй облусунан 150дөн ашуун өспүрүм кыздар, анын ичинде ЮНИСЕФтин «Кыздар илимде» программасынын катышуучулары жана бүтүрүүчүлөрү, мектеп лидерлери, жаш эко-активисттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин насаатчылары катышты.

Асел Чынбаева саламдашуу сөзүндө кыздардын билимге жетүүсүн, лидерлик жөндөмүн жана чечим кабыл алууга катышуусун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чара «Мен – өзгөрүүдөмүн: кризис шартында алдыңкы саптагы кыздар» темасында өтүп, климаттык жана социалдык кыйынчылыктарда кыздардын лидерлик ролуна басым жасалды.

Программанын алкагында:

  • Кыздардын экологиялык демилгелеринин презентациялары,
  • STEM багытындагы мастер-класстар,
  • Жетишкендиктер жана кыялдар айтылган «Кыздардын мурасы дубалы» аттуу акция болду.

Ошондой эле, кыздардын тең укуктуу келечекке болгон көз карашын чагылдырган «Кыргызстандык кыздардын манифести» коомчулукка сунушталды.

Асел Чынбаева мындай иш-чаралар кыздардын өзүнө болгон ишенимин бекемдеп, коомдук турмушка активдүү катышуусуна түрткү болорун баса белгиледи.

Scroll to Top