“Мен сот болсом, жаза бермекмин”. Президент Кемпир-Абад иши боюнча чыккан өкүмгө комментарий берди

“Мен сот болсом, жаза бермекмин”. Президент Кемпир-Абад иши боюнча чыккан өкүмгө комментарий берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга карата чыккан соттун чечими брюнча комментарий берди.

Ага журналист “Камактагылардын бардыгы бошотулду. Бул сот ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткандар дагы, аларды колдогон активисттер дагы адилеттүү чечим болгонун айтып, сизге ыраазычылык билдиришүүдө. Соттун чечимине кандайдыр бир тиешеңиз барбы?”, деген суроо узаткан.

«Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам го. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Ал мыйзамдуубу же жокпу аны сындаганга да акыбыз жок. Сот кандай чечим чыгарбасын, ал туурабы же туура эмеспи, макул болушубуз керек», — деген Жапаров.

Президент соттун чечимине эч кандай комментарий бербешим керек деп эсептейт.

«Бирок эми соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация.

Себеби булар жарымы келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп элдин башын адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, бийликти сүрүп түшөлү деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү.

Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун, креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка.

Илгеркидей кыйкырчаактарды, жарма патриотторду ээрчип кетпейт. Эл өздөрү талдаганды, өздөрү ой жүгүрткөндү үйрөндү. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз. Азыр 3 адам бизден, 3 адам өзбек тараптан болуп плотинада олтурушат. Бирге башкарып жатабыз. Чечимдерди биргелешип кабыл алабыз. Мындан ары ушундай болот.

Эми мындан ары ушундай туура чечүүгө багытталып жаткан маселелерди бурмалап, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырам дегендерге жол берилбеши керек.

Мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жаткан маселеде эч нерсеге карабай алдыга жыла беребиз», — деген президент.

Сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>