Мэр Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод башка райондордон таштанды кабыл ала албай тургандыгын билдирди

16.01.2026 | 17:40

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев учурда таштандыны кайра иштетүүчү завод башка райондордогу таштандыны кабыл алууга күчү жетпей тургандыгын билдирди. Бул тууралуу мэр Жогорку Кеңештин «Ата-Журт» жана «Мекенчил» депутаттык топтору аталган заводдо өткөргөн көчмө жыйынында айтканын АКИpress агенттиги билдирди.

Мэр завод суткасына 850 тонна таштандыга ылайыкталганын, бирок учурда күндө шаардын өзүнөн эле 1200-1500 тонна таштанды келип жатканын айткан. Мындан тышка шаардан 2300 тонна курулуш таштандылары келип түшүүдө. Ошондуктан заводдун Чүй облусунун жакынкы райондорунан таштанды ташып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

Ошондой эле мэр азыркы тапта заводдо күнүнө миң тоннага жакын таштанды иштетилип, саатына 30 кВт электр энергиясы өндүрүүлүп жатканын билдирген.

Көчмө жыйында эл өкүлдөрү заводдун ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышып чыгышкан. Заводдун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер да талкууланган.

Scroll to Top