Мэрия Ала-Арча дарыясында балык уулагандарды айыпка жыкпайт

Мэрия Ала-Арча дарыясында балык уулагандарды айыпка жыкпайт

Бишкек мэриясы Ала-Арча дарыясында кое берилген балыктарды кармагандарды издебейт жана аларга айыппул дагы салынбайт. Бул тууралуу  Reporter.kg’ге муниципалитеттен билдирди.

Алардын айтымында, балыктар экологиялык акциянын алкагында сууга кое берилген. Анын максаты — дарыядагы таштандыга көңүл бурдуруу жана суунун тазалыгын сактоого чакыруу.

«Суудагы балыктарды муниципалитеттин кызматкерлери кайра кармашты. Ал арада бир нече мыйзамсыз балык улоо дагы катталды. Бирок мэрия эч кимди айыпка жыкпайт. Муниципалитет андан чыгымга учураган жок», — дейт мэрия.

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Ала-Арча дарыясы толугу менен тазаланаарын айтты.

«Бул суу тоодон түшөт. Биз балыктарды кое берип, суунун тазалыгын көрсөтөлү дегенбиз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, мэрия дарыянын Ахунбаев жана Малдыбаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүн тазалап, тор менен тосуп, балыктарды кое берген. Андан сырткары, түнкү жарыктандыруу орнотулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>