Мэрия ата-энелерден балдардын коопсуздугуна кам көрүүнү суранат

Мэрия ата-энелерден балдардын коопсуздугуна кам көрүүнү суранат

Жаз-жай мезгилинин башталышына жана ачык суу объектилериндеги активдүүлүктүн күчөшүнө байланыштуу, өзгөчө жайкы каникул мезгилинде балдарга дайыма көзөмөл жүргүзүү, өзгөчө көңүл буруу, балдарды кароосуз калтырбоо зарыл. Буга байланыштуу мэрия ата-энелерге кайрылды.

Мэрия ата-энелер балдарына коомдо, үйдө жана сыртта, эл көп чогулган жерлерде коопсуз жүрүм-турум эрежелерин дайыма эскертип турушу керектигин эскертет.

«Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жана сабактан тышкаркы убакта окуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тарта тургандыктарын эске салабыз.

Мэрия жайкы каникулда балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырат. Балдарды эс алуу жайларында, суу сактагычтардын, көлдөрдүн, каналдардын жана бассейндердин жанында жүргөндө көзөмөлгө алууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>