Мэрия: Горький көчөсүнүн айрым бөлүктөрү кайра жасалат

Шаар тургуну Facebook аркылуу шаар мэриясына кайрылып, Горький көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү бузулууларды жоюуну өтүнгөн.
Мэриядан билдиришкендей, шаар мэри Айбек Жунушалиев жерине барып, подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жол кырсыктарын жана бузулууларды текшерди.
Мындан мурда, 2024-жылы Горький көчөсүн Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияланган. Подрядчылар жол оңдоо иштерин кыска мөөнөттө, болжол менен бир жумада бүтүрөрүн билдиришти. Так мөөнөт кошумча жарыяланат.
Ошондой эле, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн боюндагы жылуулук тармактары да 2024-жылы реконструкцияланган. «Бишкекжылуулуктармагы» жана подрядчыларга жолдун жараксыз бөлүктөрүн алмаштыруу жана системалуу мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди.