Мэрия интернет-провайдерлерден имараттардын тышындагы зымдарды алып салууну суранды
Интернет-провайдерлерге имараттардын маңдайкы фасаддарына тартылган зымдарын алып салуу сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна жана борбор калаанын дизайн-кодунун экинчи этабын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле «Ачык асман» концепциясын интеграциялоо максатында, имараттардын жана курулуштардын фасаддарында туш келди жайгаштырылган коммуналдык линияларды иретке келтирүү зарыл экендиги белгиленди.
Ошондуктан интернет-провайдерлерге төмөнкүлөр сунушталды:
- Имараттардын жана курулмалардын алдыңкы (көчө) фасаддарына орнотулган кабелдик линияларды өз алдынча демонтаждоо.
- Байланыш линияларын жер астына же имараттардын короо фасаддарына ички орнотуу аркылуу жылдырууну жана орнотууну камсыз кылуу.
- Бекитилген архитектуралык талаптарга ылайык тышкы коммуналдык линияларды тийиштүү техникалык жана эстетикалык абалга келтирүү.
Мэриянын маалыматына караганда, иштер Жибек Жолу, Чүй, Абдрахманов, Чыңгыз Айтматов проспектилеринде жана Исы Ахунбаев көчөсүндө жүргүзүлөт. Ошондой эле Бишкек мэриясы шаар тургундарын жарандык активдүүлүк көрсөтүүгө жана кабелдерди фасаддар аркылуу мыйзамсыз тартуу учурларын жоюу боюнча өздөрүнүн интернет-провайдерлерине кайрылууга чакырат.