Мэриядан кийин министрликтин кызматкерлери дагы автобус менен жумушка келе баштады

Мэриядан кийин министрликтин кызматкерлери дагы автобус менен жумушка келе баштады

Эмгек министрлигинин кызматкерлери жумасына эки күн коомдук транспортту колдонмой болушту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Алар бул шаардагы унаа тыгындарын кыскартууга көмөк болоруна ишенет. Андыктан аткаминерлер жеке унааларынан убактылуу баш тартып жатышат.

Айтмакчы, мекеменин кызматкерлерин Бишкек мэриясынан айырмаланып, эч ким мажбурлаган эмес.

«Алар өз калоосу менен аптасына 2 жолу коомдук транспорт менен жумушка келип башташты», — дейт министрлик.

Автомобилден автобуска которулган аткаминерлер сүрөткө түшкөндү дагы унутушпай, өз калоосу менен фото отчет жөнөтүп турат шекилди.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү тыгын жолдордогу оңдоо иштерине байланышкан. Адаттагыдай сентябрь айынан тарта унаалардын саны менен бирге жол жүрүү дагы кыйындайт.

Бүгүн өзүнүн унаасы менен ишке келген шаардын аткаминерлери жазаланат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>