МИК курган 1080 батир ээлерине тапшырылды

12.01.2026 | 12:30

Бүгүн, 12-январда, Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде Мамлекеттик ипоткелаык компания (МИК) тарабынан курулган 1080 батир ээлерине тапшырылды. Ачкыч тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты.

2024-жылы “Мурас” турак жай комплексинде 510 батир, ал эми 2025-жылы 476 батир курулуп, ээлерине тапшырылган. Бул комплексте жалпысынан 39 блоктон турган 4 миң 754 батир куруу пландалган.

Өлкө башчы аземде сүйлөгөн сөзүндө, комплексте бала-бакча, мектеп жана унаа токтотуучу жайлар орун алып, жашоого керектүү бардык социалдык объектилер менен камсыздалганын билдирди.

Ошондой эле ал МИК түзүлгөндөн бери жалпы 14 миң 945 үй-бүлө турак жайлуу болгонун айтты.

“Азыркы учурда өлкө боюнча 80 миң 245 ипотекалык батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. Кудай буюрса, жыл соңуна чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир курулуп, жарандарыбызга берилмекчи”,- деди өлкө башчы.


Scroll to Top