13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
U20: Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
12.01.2026 | 12:02

18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында хоккей боюнча U20 жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
III дивизиондун B тайпасы боюнча чемпионат «Бишкек Арена» көп функционалдуу аренасында өтүп, Ага Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары катышат.
Турнир Кыргызстандын хоккей федерациясы тарабынан уюштурулуп, спорт мамлекеттик агенттигинин жана эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу менен өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт