12-июнда Бишкекте III Бишкек Эл аралык кинофестивалынын ачылышы салтанаттуу түрдө өттү. Иш-чара “Асман жолу” көк килеми менен башталып, Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында концерттик программа менен уланды.
Ачылышта Нурайым Азыкбаева, “Кенч” дуэти жана “Шаттык” ансамбли өнөр көрсөтүштү.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев фестиваль өлкөнүн маданий бренди болуп калыптанганын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев фестивалды расмий түрдө ачык деп жарыялады.
Фестивалдын өзгөчө коногу — италиялык атактуу актер жана режиссер Микело Плачидо болду. Ага “Кинематографиядагы легендарлуу жетишкендиктери үчүн” сыйлыгы тапшырылды.
Сахнада эл аралык калыстар тобу, конкурсанттар тааныштырылып, тасмалардын трейлерлери көрсөтүлдү.
Кинофестиваль 15-июнга чейин уланат.