Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аялдын сөөгүн таанууга жардам сурайт. Болжолдуу түрдө ал Ош облусунун тургуну Гүлмира Кулукова. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аял «Коломто» баш калкалоочу жайында жашаган. 29-октябрда тез жардам кызматы менен баш калкалоочу жайдан Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасына жеткирилип, эсине келбей каза болгон.
Аял болжолдуу 40-45 жашта. Бою 160-165 см, арык денелүү, мурду түз, бети сүйрү, чачы кыска кара, кашы түз, кулагы жакын.
«Урматтуу жарандар, каза болгон аялдын өздүгүн тактоого көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Сүрөттөгү аял тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 жана 102», — деп жазат басма сөз кызматы.