Бишкек шаардык милициясы журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалышы жана ага козголгон кылмыш иш боюнча үн катты.
Милиция Мамыркуловага «Фейсбуктагы» посттору үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.
«Социалдык тармактарга байкоо жүргүзүү учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын жарандарынын ортосунда улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган «Фейсбуктун» Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучусу аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Милиция Тергөө кызматы соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) боюнча кылмыш иши козгогонун, ал боюнча шектүү катары К.М. (Канышай Мамыркулова) кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынганын билдирди.
«Белгилей кетүүчү жагдай, ушул эле жаран мурда Кыргызстан менен Өзбекстан республикаларынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча дагы коомчулукту адаштырган», — деп билдирет милиция.
Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Милиция берген скриншоттор:
Эскерте кетсек, милиция Канышай Мамыркулованы 20-мартта үйүнөн кармап кеткен.
Анын жактоочусу Нурбек Сыдыков Мамыркуловага соцтармактагы жазгандары үчүн кылмыш иши козголгонун айткан. Ал билдиргендей, Мамыркулова мыйзамда каралган укугунан пайдаланып, соцтармактагы баракчасы аркылуу өз ой-пикирин билдиргенин, мыйзам бузбаганын жана массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын айткан.
Канышай Мамыркулова – таанымал журналисттердин бири. Акыркы жылдары ал «Фейсбук» аркылуу бийликке ачуу сын айтып келет. Ал кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара келишимдери боюнча да бийликке сын айткан.
Милиция журналист Мамыркуловага кылмыш ишин козгоп, 48 саатка камакка алды