Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик коммитет Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын лейтенантын (М.Б.А.) жана милициянын капитанын (М.Б.Б.) кармады.
Алар 20 миң сом пара алып жаткан учурда колгон түшкөн.
УКМКнын билдирүүсүндө эки ички иштер кызматкери жалпысынан 160 миң сом талап кылганы айтылат. Алар телефон уурдоого шектелген жарандан кылмыш ишин токтотуп, жаап коюу үчүн акча опузалашкан
Эки милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.