Министр дары катары сунуштаган уу коргошунду жыйноого тыюу салынды

Министр дары катары сунуштаган уу коргошунду жыйноого тыюу салынды

Кыргызстанда уу коргошунду жыйноого 3 жылга тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинети токтом кабыл алды.

Ага ылайык, айрым дары-дармек, техникалык жана тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого убактылуу бөгөт коюлат.

“Кыргызстандын аймагындагы макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) өсүмдүктөрүн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алынды”, — деп Минкаб.

Белгилей кетсек, уу коргошунду президент Садыр Жапаров жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Covid-19га каршы дары катары сунуштаган. Анын мамлекеттик резиденциянын аймагында даярдалып жаткан видеосу өлкө башчысынын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган. Министр маалымат жыйында уу коргошунду ичип, зыяны жоктугун көрсөткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аконит

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>