Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12 жылдык билим берүү боюнча токтомду бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды.
Маалыматта айтылгандай, токтом эл аралык билим берүүдө таанылган улуттук жалпы билим берүү системасын куруу, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берүү жана сапаттуу билим берүү максатында иштелип чыккан.
Эми мындан ары жалпы билим берүү уюмдарында төмөнкү билим берүү деңгээлдери болот:
— башталгыч жалпы: 1‒6-класстар;
— негизги жалпы: 7‒9-класстар;
— орто жалпы: 10‒12-класстар.
Окуу пландар да жогорудагы деңгээлдер боюнча иштелип чыгат.
Ошондой эле мектеп окуучуларынын билимин баалоо системасы да өзгөрдү. Ага ылайык, 1-3-класстарда окуучуларга баалар коюлбайт. Мугалим кичинекей класстын окуучусунун инсандык сапаттарын, окуудагы жөндөмүн же окуу темпин, эс тутумун, сабакка көңүл буруусун жана кабыл алуу жөндөмүн баалабашы керек.
Ал эми, 4–6-класстарда окуучунун билими баллдык система менен баалана баштайт. Бул баалоо системасы окуучунун академиялык жетишкендиктерине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн кийинки деңгээлинде окууга даярдыгын аныктоо үчүн киргизилет.
7–12-класстардагы баалоо окуучунун билиминдеги өсүштү аныктоого, окуучунун өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо жана өз ара баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
12-классты аяктагандан кийин жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт. Анын форматы жана мазмуну кесиптик багыттарды эске алат. Окутуунун жана бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыктоочу баллдары кесиптик окуу жайларына тапшырууда профилдик предметтер боюнча суммалык балл түрүндө эсепке алынат.