Жумуш учурунда коронавирустан каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын Комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
Ош облусунан -113 документ;
Талас облусунан – 33;
Чүй облусунан – 337;
Баткен облусунан – 25;
Нарын облусунан – 35;
Ысык-Көл облусунан – 48;
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн.
Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.