СOVID-19 инфекциясын жуктургандар менен байланышкандардын жалпы саны 7 миң 307 адам. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта онлайн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Министрдин айтуусунда, алардын ичинен 1-категориядагылар жакындары жана үй-бүлөсү менен байланышта болгон – 2 миң 85 адам, 2-категориядагы башкалар менен – 5 миң 222 киши.
Жалпы республика боюнча 1 миң 459 адам обсервацияда.