БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Министрлик: Студенттер 1-октябрга чейин онлайн окуйт деген маалымат жалган
08.09.2025 | 13:16

Студенттердин онлайн окуу процессинин 1-октябрга чейин узартылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги Reporter.kg’ге билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, онлайн окуу форматы Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында (медициналык билим берүү уюмдарынан тышкары) 15-сентябрга чейин гана жүргүзүлөт.
«15-сентябрдан тарта офлайн окутуу башталат», — деп белгилешти министрликтен.
Рубрики: Жаңылыктар