Министрлик уруксат берсе Ош шаарындагы балдар лагерлери иштеп баштайт

Министрлик уруксат берсе Ош шаарындагы балдар лагерлери иштеп баштайт

Ош шаарындагы жайкы балдар лагерлери Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гана ишке кирет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штабдын макулдугу менен санитардык талаптарды аткарган лагерлер гана иштей алат.

Бирок шаар башчысы балдардын коопсуздугу үчүн лагер ишин токтотуп турса болмок деген оюн жашырган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>