МинКаб Төрагасы Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучуну кабыл алды

14.08.2025 | 15:24

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуруддин Азизи менен жолугушту.

Өкмөттүн маалыматында айтылгандай, жолугушууда кыргыз тарап Афганстандын экономикалык калыбына келүүсүн, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо боюнча афган бийлигинин аракеттерин колдой турганын билдирди. Кыргыз Республикасы Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү аймактык форумдарга активдүү катышып келет.

Тараптар соода, транспорт, текстиль өнөр жайы, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасын чыңдоо жана региондук байланыштарды жакшыртуу үчүн жаңы транзиттик жолдорду түзүү маселеси көтөрүлдү.

Касымалиев Кыргызстан Афганистан менен эки тараптуу жана аймактык өнөктөштүктү колдоого даяр экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн транспорт, энергетика, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top