МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Чолпон-Атадагы VII кыргыз-орус экономикалык форумун ачты

14.08.2025 | 12:02

Чолпон-Ата шаарында VII кыргыз-орус экономикалык форумунун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин куттуктоо сөздөрү окулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев форумдун катышуучуларына саламдашуу сөзүн айтып, форумдун тажрыйба алмашууда, биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууда жана эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды тереңдетүүдө маанилүү роль ойногонун белгиледи. Ал уюштуруучуларга, эксперттерге, бизнес өкүлдөрүнө жана мамлекеттик органдарга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Амангельдиев форумду «экономиканы өнүктүрүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана өсүү чекиттерин издөө маселелери боюнча конструктивдүү диалог үчүн натыйжалуу аянтча» деп мүнөздөдү. Ал ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге киргенинин 10 жылдыгын белгилеп, катышуучу өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн туруктуу өсүшүнө токтолду.

Форумдун башкы темасы «Экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы катары санариптик суверенитет» болду. Амангельдиев санариптик трансформация процессине, анын ичинде «Санарип Кыргызстан» жана «Startup Кыргызстан» улуттук программаларын ишке ашырууга мамлекеттик колдоонун маңызын белгиледи.

Ал Жогорку технологиялар паркынын жетишкендиктерине токтолуп, 2024-жылдын аягына карата резиденттер саны 477 компанияга жетип, 11,4 миллиард сомдук киреше алып келгенин, анын 94% экспортко багытталганын маалымдады.

Ошондой эле мамлекеттик секторго санариптик чечимдерди киргизүү, «Е-Кызмат» долбоору жана Кыргызстандагы туристтик потенциал тууралуу айтып, тоо курортторун түзүү боюнча Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жаткан долбоорлорду белгиледи.

Амангельдиев форумдун Ысык-Көлдүн кооз жээгинде өткөрүлүшү туристтик потенциалды толук көрсөтүүгө жана инвестиция тартууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top