Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Нарында “Ала-Тоо” борбордук стадионунун курулушу уланууда
14.08.2025 | 12:52

Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук стадионунун курулуш иштери уланып жатат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, стадион 4500 орунга ылайыкталат жана жалпы аянты 3,6 гектарды түзөт. Эки кабаттуу административдик имаратта дарыгер бөлмөсү, конференция залы, футболчулардын кийим алмаштыруучу, машыктыруучу жана эс алуу жайлары каралган.
Футбол аянтчасы эл аралык стандарттарга ылайык салынат, ошондой эле VIP-коноктор жана медиа өкүлдөрү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар