Мирбек Кожоев министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Кожоев буга чейин КР президентинин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы кызматын ээлеп келген.
Ал эми облустун мурдагы башчысы Элчибек Жантаев башка кызматка которулган.