Молдокасымов: Карт тарыхы бар жарды өлкөдө тарых изилдеген кордук экен

Молдокасымов: Карт тарыхы бар жарды өлкөдө тарых изилдеген кордук экен

Тарыхтан акча аяп отуруп, тарыхтан сабак албай ушул абалга кабылдык. Мындай пикирди белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Молдокасымовдун айтымында, алар өкмөттөн тарых изилдөөгө деп араң акча бөлдүргөн.

“Өзгөчө депутат Садык Шерге рахмат! ТЭЦтин моорусун талкалоого 140 миллион бөлөсүңөр да, Тарых дегенде 5 миллион сомду көп көрөсүңөр! Аны да өлкөбүздүн тарыхчыларына ыраа көрбөй башка өлкө менен аралаш университетке бергени жатканыңар туура эмес! Тарыхтан акча аяп отуруп, тарыхтан сабак албай ушул абалга кабылдык! Тарыхтан болбогон акчаны аянып, бир эмес үч жолу мамлекет башчылар сабак албай миллиарддаган акчага күйгөнүбүз жалганбы?! — деп жатып арачага түшүп, акчаны тарыхчыларга бермей болушту окшойт.

Эми ошол арзыбаган акча тийсе, бир топ алгылыктуу иштерди жасаганга аракет кылат элек! Эң жаманы, бай жана карт тарыхы бар, бирок жарды өлкөдө жашап, каражаты жок тарых изилдеген бул бир чети кордук экен”, — деген тарыхчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>