Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Молдокматов: Соттун бүгүнкү чечими саясий иштин бүтүшү
28.06.2022 | 19:34
Октябрь окуясы боюнча айыпталып, бүгүн акталып чыккан Туран саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов журналисттердин “соттун чечими кандайдыр бир сот реформасындагы жылыштан кабар береби”- деген суроосуна жооп төмөндөгүдөй берди.
“Октябрь окуясы боюнча саясий иш болуп жатат. Саясий иш бүттү. Сот өзүнүн адилеттүүлүгү үчүн чечимин чыгарды. Жалпы соттук системада реформа болгон жок. Мен түрмөдө отурганда миңден ашык кишинин жарымынан көбү мыйзамсыз отурат. Жөнөкөй жарандардын тагдыры чечилип, алар акталып чыкканда гана соттук реформа жүрдү деп айта алабыз. Бул кезектеги саясий иштин бүтүшү деп эле атасак болот”- деди.
2020-жылы Октябрь окуясынын уюштуруучусу катары күнөөлөнүп, үй камагына чыгарылган. Сот бүгүн толугу менен актады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат