Мөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла аз
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла аз болууда. Чүй жана Талас облустарында жалпы 550 миң тоннанын тегерегинде түшүм жыйналат деп күтүлүүдө. Салыштыруу үчүн былтыркы жылы 1 млн тоннадай кант кызылчасы жыйналган. Бул тууралуу «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводдорунун директорлор кеңешинин мүчөсү Руслан Рафибеков билдирди.

Анын айтымында, түшүмдүн аз чыгышына аба-ырайы жана табигый шарттар себеп болгон. Рафибеков быйыл жыл башында жалпы 15,5 миң гектар жерге кант кызылчасы себилгенин, бирок начар табигый шарттардан улам анын 2,5 гектарына кайра башка өсүмдүктөр айдалганын айтты. Ошондой эле бул жылы түшүмдүүлүктүн орточо көрсөткүчү гектарына 40-50 тонна болот деп күтүлүүдө.

Сокулук районунун тургуну, дыйкан Адыл Асылбашев быйыл 4 гектар жерге кант кызылчасын айдаган. Анын айтымында, жазында жааган мөндүр өсүмдүктү жабыркатып, кызылчаны кайра себүүгө туура келген. Мындан тышкары жазында кургакчылык болгон. Мындан улам быйыл түшүмдүн көлөмү былтыркыга караганда кыйла аз.
“Былтыр гектарына орточо 80 тонна түшүм алганбыз. Быйыл 30-40 тонна чыгып атат. Бул биздин чыгымды эле жабат. Жазында жамгыр жааган жок, жер кургак болду. Бирок жакшы жери сугат суу жетиштүү болду. Мамлекет тарабынан да колдоолор болуп жатат”,- деп билдирди дыйкан.
Адыл Асылбашов ошондой эле кант кызылчасынын ылайлуулугу жогору чыгып жатканын айтты. Ал заводдор ылайлуулукту 9% деп чыгарып берип жатканын, бул дыйкандар үчүн көбүрөөк болуп, аларды чыгымга учуратарын билдирди. Мындан улам ал кант кызылчасынын ылайлуулугун аз чыгарып берүүнү суранды.