Мөңгүлөр тездик менен эрүүдө: Борбордук Азияга суу тартыштыгы коркунучу туудурууда

30.03.2026 | 16:16

Мөңгүлөрдүн тездетилген темп менен эрүүсү Борбордук Азия өлкөлөрүндө олуттуу суу тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Температуранын жогорулашы кыштын мөөнөтүн кыскартып, жайды узартууда, бул болсо өз кезегинде мөңгүлөрдүн чегинүүсүнө себеп болууда. Мындай маалыматтар Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун «2025-жылдагы глобалдык климаттын абалы» аттуу жылдык баяндамасында келтирилген.

Дүйнөдөгү тузсуз суу запастарынын 70 пайызга жакыны мөңгүлөрдө топтолгону белгиленет. 2 миллиардга жакын адам бул ресурстарга көз каранды болуп, аларды суу менен камсыздоо, айыл чарба, өнөр жай жана энергетика үчүн колдонушат. Ошондой эле мөңгүлөр экотутумдарды кармап турууда жана климатты жөнгө салууда маанилүү ролду ойнойт.

«Мөңгүлөрдүн азайышы суу циклин болжолдоого кыйын кылып, экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн. БУУнун баалоосу боюнча, бул жагдай айыл чарбасына, суу менен камсыздоого жана энергетикага тийгизген таасиринен улам дүйнөлүк ИДПнын 4 триллион долларга чейин төмөндөшүнө алып келиши ыктымал», – деп баса белгилешет эксперттер.

Алардын маалыматы боюнча, Борбордук Азия чөлкөмүндө кырдаал тездик менен курчуп жатат: температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе тез жогорулоодо, бул чөлгө айлануу жана мөңгүлөрдүн эрүү процесстерин тездетүүдө. Алсак, Кыргызстанда акыркы 50–70 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн аянты болжол менен 16 пайызга кыскарган.

Эскерте кетсек, 2024-жылы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 29-конференциясында КР Президенти Садыр Жапаров: «Эгерде азыркы динамика сакталса, кылымдын аягына чейин мөңгүлөрдүн олуттуу бөлүгү жок болуп кетиши мүмкүн», – деп билдирген.

«Бул жөн гана статистика эмес – бул тузсуз суунун булагы катары мөңгүлөргө көз каранды болгон миллиондогон адамдардын өмүрүнө жана бакубаттуулугуна түздөн-түз коркунуч. Бир дагы өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине жалгыз туруштук бере албайт. Бизге тилектештик, кызматташтык жана тажрыйба алмашуу зарыл», – деп баса белгилеген мамлекет башчысы.

Кризисти ооздуктоо боюнча эл аралык деңгээлдеги чаралар

Тажикстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө көңүл бурдуруу жана аларды коргоо чараларын иштеп чыгуу үчүн 2025-жылды Мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылы деп жарыялаган.

Бул демилгеге расмий старт 2025-жылдын 21-мартында Нью-Йоркто, биринчи Бүткүл дүйнөлүк мөңгүлөр күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада берилген. Ал эми эл аралык конференциянын жыйынтыгы боюнча Душанбе декларациясы кабыл алынган. Анда мөңгүлөрдүн, муз катмарларынын жана кар катмарынын тынымсыз азайышы экотутумдар үчүн кайтарылгыс кесепеттерге алып келип, экономикага жана коомго таасирин тийгизери белгиленген.

Мөңгүлөрдүн тездик менен азайышы суу ресурстарын башкаруу ыкмаларын кайра карап чыгууну талап кылат, анткени суу аймактагы туруктуу өнүгүүнүн жана мамлекеттер аралык мамилелердин негизги фактору бойдон калууда.

Документ ошондой эле мөңгүлөрдү жана көп жылдык муз массаларын глобалдык инвентаризациялоого, климаттын өзгөрүшүнө көнүү жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча комплекстүү чараларды киргизүүгө, криосфераны изилдөө жаатында илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бул тармакта адистерди даярдоого чакырат.

Тажикстан, Өзбекстан жана башка жети өлкө МАГАТЭнин жаңы аймактык техникалык кызматташтык долбоорунун алкагында кар катмарын жана тоо мөңгүлөрүн изилдеп жатышат. Бул долбоор тастыкталган маалыматтардын негизинде трансчек аралык суу ресурстарын башкарууга жардам берүүгө багытталган. Бул иштин негизги максаттарынын бири — жок болуп кетүү коркунучунда турган мөңгүлөрдүн изотоптук мүнөздөмөлөрүн сактап калуу болуп саналат.

Ошентип, ФАО/МАГАТЭнин азык-түлүк жана айыл чарба тармагындагы ядролук методдор боюнча биргелешкен борборунун линиясы боюнча МАГАТЭ алдыңкы ядролук жана изотоптук методдорду колдонуу менен мөңгүлөрдүн чегинүүсүнүн топуракка жана суу ресурстарына тийгизген таасирин изилдөөдө.

Космостук нурлануунун нейтрондук булагы бар зонддор жана изотоптук индикаторлор сыяктуу инструменттер мөңгүлөрдө кардын топтолушун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана мөңгүлөрдөн бошогон аймактардан төмөн жайгашкан дарыялар менен көлдөргө жаан-чачындардын кайра бөлүштүрүлүшүнө баа берүүгө мүмкүндүк берет.

Анд тоолорунан Гималайга чейин МАГАТЭ өзүнүн техникалык кызматташтык программасынын алкагында окумуштууларды мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн бул методдорду колдонууга үйрөтүп, тастыкталган маалыматтардын негизинде жана конкреттүү жердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен климаттын өзгөрүшүнө көнүү стратегияларын иштеп чыгууга көмөктөшүүдө.

«Ядролук илимди жана жергиликтүү эксперттик дараметти бириктирүү менен биз окумуштуулардын жана саясатчылардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн маалыматтарды практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатабыз», – деп белгиледи ФАО/МАГАТЭ биргелешкен борборунун топурак жана суу ресурстары жана өсүмдүктөрдү азыктандыруу лабораториясынын башчысы Герд Деркон.

Scroll to Top