Мөңгүлөрдүн азайышы Борбордук Азия чөлкөмүн аялуу кылат – эксперттин пикири

31.03.2026 | 10:57

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн тездик менен азайышы байкалууда. Бул трансчек аралык дарыялардын жана суу ресурстарынын калыптанышына терс таасирин тийгизип, Борбордук Азия өлкөлөрүн кооптуу абалга кептөөдө. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына кыргызстандык гляциолог Гүлбара Оморова айтып берди.

Эске салсак, Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун «2025-жылдагы глобалдык климаттын абалы» аттуу жылдык баяндамасынын маалыматтарына ылайык, мөңгүлөрдүн тездик менен эрүүсү чөлкөмдө суунун кескин тартыштыгына алып келиши мүмкүн.

Оморованын айтымында, акыркы он жылдыктарда Ала-Арча капчыгайындагы мөңгүлөр да кыйла азайган. Алардын бири — Адыгене мөңгүсү, анын эрүү интенсивдүүлүгү бийиктиги боюнча 3-5 метрге жеткен.

«Алгачкы байкоолор 1964-жылы башталган, бүгүнкү күндө 2024-жылга карата бул мөңгү дээрлик бир чакырымга артка чегингенин эсептөөгө болот. Бул абдан чоң көрсөткүч, ал жылына орточо 15–16 метрге чегинет. Ал эми «ВЛКСМдин 30 жылдыгы» аттуу башка мөңгү 1977-жылдан 2024-жылга чейин дээрлик 29–30 пайызга кичирейген», – деп кошумчалады ал.

Гляциолог 2025-жыл өзгөчө ысык болгонун жана эрүү интенсивдүүлүгү бийиктиги боюнча 3–5 метрге жеткенин, мындан тышкары, жаан-чачындар (жамгыр) болгонуна карабастан, кар катмарынын көлөмү да азайып жатканын баса белгиледи.

Ал Кыргызстанда байкоого алынган мөңгүлөрдүн жалпы масс-балансы (mass balance) терс бойдон калып жатканын, бул мөңгүлөр калыбына келбестен, масcасын жоготуп жатканын билдирерин белгиледи. Ошол эле учурда 4–5 миң метрден ашык бийиктиктеги айрым бийик тоолуу мөңгүлөр туруктуулугун сактап турат… Азырынча сактап турат.

Оморованын айтымында, ушундай эле процесстер чөлкөмдүн коңшу өлкөлөрүндө: Тажикстан менен Өзбекстанда да катталууда, ал жактагы мөңгүлөр да жылына 5 метрге чейин калыңдыгын жоготуп жатат.

Scroll to Top