Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо 1,58 миллионго жакын жаран добуш берди
Кыргызстанда өткөн мөөнөтүнөн мурда болгон парламенттик шайлоого 1 миллион 584 миң 400 жаран катышты. Бул тууралуу алдын ала маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. БШКнын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч акыркы тизмеге киргизилген бардык шайлоочулардын 36,9 пайызына туура келет.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды саноо уланганын, акыркы жыйынтыктар кийин жарыяланарын белгиледи.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө комиссияга мыйзам бузуу боюнча 269 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен:
— үгүт эрежелерин бузуу тууралуу 124 кайрылуу;
— талапкерлердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу боюнча 37 учур;
— административдик ресурсту колдонуу боюнча 8 кайрылуу;
— добуш сатып алуу боюнча 46 билдирүү болгон.
Калган 54 кайрылуу ар кандай башка бузууларга тиешелүү.
БШК бардык билдирүүлөр тиешелүү органдарга текшерүүгө жөнөтүлгөнүн, айрымдары боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатканын кошумчалады.