Кир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына бардыКадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырды
Москвада мигранттар үчүн «Амина» тиркемеси ишке кирет
26.08.2025 | 09:30

Москвада 1-сентябрдан тарта чет элдик жарандар үчүн жаңы талап киргизилет. Мигранттар эми атайын иштелип чыккан «Амина» мобилдик тиркемесин сөзсүз түрдө телефондоруна орнотушу зарыл болот. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи маалымдады.
Маалыматка ылайык, тиркеме аркылуу мигранттар төмөнкү кызматтарды ала алышат:
- Москвадагы Миграциялык борборго (Сахарово) каттоого турушат;
- жашаган же түнөгөн жерин ички иштер органдарына онлайн түрүндө кабарлап турушат;
- дареги өзгөрсө, аны да тиркеме аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
Мыйзам бузгандар каттоодон чыгарылып, көзөмөлгө алынат. Эксперименталдык тартип 2025-жылдын 1-сентябрынан 2029-жылдын 1-сентябрына чейин иштейт.
“Бир катар мигранттар – балдар, дипломаттардын үй-бүлөлөрү жана Беларусия жарандары – бул талаптан бошотулат”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар