Москвадагы кыргызстандыктарга «Amina» тиркемесин алдын ала орнотуу сунушталды

11.09.2025 | 12:20

Москва шаарына жана Москва облусуна эмгектенүү максатында барган чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар, «Amina» — атайын мобилдик тиркемени милдеттүү түрдө орнотуусу керек болот. Мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таратты.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва шаарында жана Москва облусунда чет элдик жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу эксперименттик тартиби киргизилди. Ал учурдагы миграциялык каттоону алмаштырат.

Тиркеменин негизги функциялары:

  • Көп функционалдуу миграциялык борбор (ММЦ Сахарово) аркылуу каттоого туруу;
  • Жашаган дарегин алыстан маалымдоо жана өзгөрүүлөрдү киргизүү;
  • Геолокация маалыматтарын Россиянын ИИМине жөнөтүү;
  • Үч күндөн ашык маалымат келбесе, каттоодон чыгарылуу.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга тиркемени алдын ала орнотууну жана функциялары менен таанышып чыгууну сунуштайт. Тиркемени «RuStore» колдонмо дүкөнүнөн орнотсо болот, ММЦ Сахарово же Россиянын ИИМине баруунун кажети жок.

Эгер эксперименттик шарттарды бузуу байкалса, чет элдик жаран Россия Федерациясынын Көзөмөлдөгү адамдардын реестрине (РКЛ) киргизилиши мүмкүн.

Министрлик билдиргендей, тиркемени сынамык режимде колдонуп, Москвада мыйзамдарды бузуу жана терс кесепеттердин алдын алуу мүмкүн.

Scroll to Top