Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чиновниктер Maybach, Lexus 600 айдап, Rolex тагынышат. Депутат коррупционерлерди камаш керектигин айтты
11.09.2025 | 12:44

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чиновниктердин айрымдарынын кымбат саат жана автоунааларын мисалга алып, мыйзамга “коррупциялык жүрүм-турум” түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады.
Депутаттын айтымында, кээ бир чиновниктер Hublot, Rolex, Audemars Piguet сыяктуу кымбат сааттарды тагынып, Lexus 600, Крузак 300, Maybach сыяктуу унааларда жүрөт. Алар күн сайын кымбат ресторандарда тамактанып, бизнес-класс менен учушат, бирок декларациясында маянасына жараша жашап, бизнеси жок. Дастан Бекешев муну “коррупциялык жүрүм-турум” деп атады жана мыйзамга киргизүүнү сунуштады.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева депутаттын пикирин колдоп, бул багытта мониторинг жана анализ жүргүзө турган атайын башкармалык иштеп баштаганын билдирди.