Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери бүгүн, 24-июнда Москвада өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышты.
Кыргызстандын жоокерлерин Бекказы Түменбаев жетектеп чыкты.
Жеңиш парадына 13 мамлекеттин аскер кызматкерлери катышты. Алар: Азербайжан, Армения, Беларусь, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдова, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.