Муфтий: Курмандык чала албасак да жакындарыбызга жакшы сөз арнайлы

Муфтий: Курмандык чала албасак да жакындарыбызга жакшы сөз арнайлы

Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бардык кыргызстандык мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Азыркы маалда илдет менен алышып жаткан бир туугандарыбызга шыпаа берип, эртерээк сакайып, арабызга кошулсун. Башыбызга келген бул апааттан чыгууда эң башкысы чөкпөйлү, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлү. Дүрбөлөңгө алдырбайлы. Бул күндөрдүн, кыйынчылыктын артынан жакшылык келээрин эсибизден чыгарбайлы. Ал күчүбүз барында колубуздан курмандык чалуу келбесе дагы жакын адамдарыбызга, туугандарыбызга жакшы сөзүбүздү арнайлы», — деп айтылат муфтийдин кайрылуусунда.

Муфтий ошондой эле курман айт майрманда элди ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырып кеткен.

Белгилей кетсек, быйыл пандемиядан улам Орозо айт жана Курман айт намаздары Ала-Тоо аянтында жана мечиттерде жамаат менен окулган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>