Муфтияттын жетекчилиги кылмышты жашыруу үчүн УКМКга 100 миң доллар пара сунуштаган

Муфтияттын жетекчилиги кылмышты жашыруу үчүн УКМКга 100 миң доллар пара сунуштаган

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын бухгалгери кармалды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан муфтияттын каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды.

Каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү («Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү») бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү КМДБнын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>