Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дүйнө картасын кайра чийүү коркунучун жараткан чекке жетти. Иран өз лидерлерин жоктоп, жихад жарыялап жаткан учурда, Борбор Азия өлкөлөрү жаңы реалдуулукта тең салмактуулукту табууга аракет кылып жатышат. Reporter.kg басылмасы менен болгон эксклюзивдүү маегинде коопсуздук боюнча эксперт жана Кыргызстандын Коргоо министринин орун басарынын кеңешчиси Мурат Бейшенов көп векторлуулук эмне себептен кооптуу тузак болушу мүмкүн экенин, биздин чек ара кызматыбыз жазгы чыңалууга даярбы же жокпу жана эмне үчүн Кыргызстанга “түрк жээги” керек эместигин талкуулайт.
«Башы алынган» Иран жана Трамптын тактикасы
— Мурат Бейшенович, Иран жогорку жетекчилигинен айрылды. Бул өлкө багынып берет дегенди билдиреби?
— Эч качан. Алардын кырдаалга тез көнүп кеткени мени таң калтырды. Ооба, алардын башын алышты — руханий лидерин, аскердик жетекчилик, министрлерин жок кылышты. Бирок система кулаган жок, президент Тышкы иштер министрлигинин милдетин өзүнө алды, аппарат иштеп жатат. Азыр лидерлердин бири жихад жарыялады, бул олуттуу сигнал. Америка менен ачык согушуу оор, бирок дүйнө идеологиялык теракттардын толкунуна даяр болушу керек. Бул жалгыз Европага эмес, бүтүндөй дүйнөгө коркунуч жаратат. Трамп системалуу иш алып барууда, Венесуэладан кийин эми кезек Иранга келди. Бир гана сценарий бар, лидерлерди жок кылуу жана өз шартын таңуулоо. Ал 1979-жылдагы окуяны, студенттер АКШ элчилигин басып алган учурду кечире албай келет. Бирок Иран да жөнөкөй өлкө эмес, бул байыркы цивилизация. Алар 40 жыл изоляцияда жашап, ошого карабастан өнүгүп жатышат.
— Ирандагы кризис катардагы кыргызстандыктардын чөнтөгүнө кандай таасир этет?
— Баарына таасир этет. Иран бул логистика. Азык-түлүк жеткирүүдөн баштап, мисалы ирандык атактуу наватка чейин, мунайга чейин байланыштуу. Ормуз кысыгынын тосулушу күйүүчү-майлоочу майдын баасын болуп көрбөгөндөй кымбаттатат. Конфликт эртең эле токтосо да, бензиндин кымбатташын бир нече айдан кийин сезебиз. Бул сөзсүз боло турган көрүнүш.

Ганси жана чет элдик базалардын сабактары
— Ирандын коңшу өлкөлөрдөгү Катар, Кувейт, Иорданиядагы АКШнын базаларына чабуул жасап жатканын көрүүдөбүз. Бирок ал өлкөлөрдөн жооп жок. Эмнеге?
— Анткени алар өздөрүн күнөөлүү сезишет. Өз аймагыңа чет элдик база жайгаштырып, анын айынан сокку алуу кандай болорун түшүнүшөт. Бир кезде менден «Канттагы база коркунучтуу эмеспи?» — деп сурашкан. Ар бир чет элдик база потенциалдуу бута. Кыргызстан өз убагында «Манас» аэропортунан АКШнын базасы Гансини чыгарып, туура чечим кабыл алган. Жарандык объектте аскердик учактардын турушу акылга сыйбаган иш болчу. Америкалыктар муну дагы деле кечире албай, биздин банктарга санкция салуу менен суук мамилесин билдирип жатышат. Бирок биздин саясат суверендүү болгон. Биз ЖККУга мүчөбүз, Канттагы базанын юридикалык жана коргонуу логикасы такыр башка. Ал эми Бахрейн же Катар НАТОго кирбесе дагы, базаларды кармап турушат.
Аймактын «жүрөгү» болгон Иран жана Трамптын өч алуусу
— Сиздин оюңузча, АКШ менен Израилдин Тегеранга каршы аракеттеринин максаты кандай? ШКУну алсыратуу аракети эмеспи?
— Иран Жакынкы Чыгыштын борбору. Анын географиялык абалы уникалдуу: океанга чыгуу жолу, Ормуз кысыгы, Афганистан, Пакистан жана Борбор Азия менен чектешет. Бул аймак Трампка да, Батышка да баш ийбейт. Перстер эң байыркы тарыхы бар эл жана алар абдан сыймыктанышат. Дээрлик 40 жыл бою алар обочолонуп жашашты, бирок ошого карабастан өнүгө алышты.Трамптын жеке фактору бар: 1979-жылкы революцияны унута элек. Бирок негизги максаты дестабилизация, руханий лидерди алмаштыруу жана Россия менен Кытайдын кызыкчылыктарына сокку уруу. Сценарий баягы эле: лидерлерди жок кылуу, анан шарт коюу. Ошол эле учурда, Америка жана Израилдин чалгын кызматтарына ыраазычылык билдириши керек. Себеби руханий лидерди өлтүрүү операциясынын жүргүзүлүшү Ирандын өзүнүн мамлекеттик коопсуздугундагы олуттуу кемчиликтерди көрсөтүп турат.
— АКШнын президенти Газа боюнча «Тынчтык кеңеши» идеясын активдүү алдыга жылдырууда. Ага Казакстан менен Өзбекстан буга чейин эле акча бөлүп башташкан. Бул органдын ролу кандай?
— Менимче, бул «Тынчтык кеңеши» биринчи кезекте Израилдин премьери Нетаньяхунун идеясы. Ал Трамп менен сүйлөшүп жатып, бул маселени акырына чейин тырышып отуруп өткөрүп алды. Израил үчүн Ирандын биротоло баш аламандыкка батып, алсыраганы абдан пайдалуу. Ал эми биздин аймактагы өлкөлөрдүн бул долбоорго акча сала баштаганы адаттан тыш көрүнүш. Россия бул ишке катышууга даяр экенин айтып, Батышта тоңдурулуп калган өз активдерин колдонууну сунуштады. Кытай болсо бул кеңешке кошулушу күмөн. Бирок бир нерсени түшүнүү маанилүү: бул «Тынчтык кеңешинин» форматы келечекте Палестина үчүн эле эмес, Афганистандын үчүн да колдонулушу мүмкүн.
Жабылган чек арабы же тикенектүү зым тосмобу?
— Россия менен Кытайдын көңүлү Иранга бурулуп жатканда, Афганистандан коркунуч сакталууда. Куралдуу күчтөрүбүз даярбы?

— Өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдириш керек, акыркы 3–4 жылда чек ара аскерлери үчүн мурункуга караганда көп иш жасалды. Чек арачылар азыр өзүнчө структура, каржылоосу жакшы, батирлер берилип, заманбап курал-жарактар келди. «Байрактар», жаңы техникалар бар. 1999-жылы Баткенде 3–4 тик учак араң учса, азыр мүмкүнчүлүк бир нече эсе өстү. Бирок бошоңдоого болбойт. Тажикстан менен чек арадагы тартылган тикенек зым иштин бир эле бөлүгү. Контрабанда жана баңгизат трафиги токтогон жок. 2025-жылы 150 чакырым чек ара тосулду, 2026-жылга дагы 200 чакырым пландалган. Мени Иранга караганда Афганистан менен Пакистандагы кырдаал көбүрөөк тынчсыздандырат. Бул биздин түз коңшулар. Ирандан качкындар көп болот дешүүдө, бирок мен ага ишенбейм, анткени ирандыктар абдан биримдиктүү эл. Ал эми Афганистадагы туруксуздук Түркмөнстан аркылуу биздин аймакка миграциялык тобокелдиктерди жаратат.
Эң башкы коркунуч терроризм. Чек арада 15 миңдей согушкер (ИГИЛ, Аль-Каида ж.б.) топтолуп турат деген маалыматтар бар. Алар акыркы жылдары Палестина менен Украинадагы согуштарды изилдеп, америкалык техникаларды өздөштүрүштү. Биздин аймакта да уктап жаткан уячалар болушу мүмкүн. Ошондуктан мылтыкты октоп кармап эле койбостон, күн сайын текшерип турушубуз керек.
«Көп векторлуулук» жана чыныгы өнөктөштөр жөнүндө
— АКШ сунуштаган «C5+1» форматына кандай баа бересиз?
— Трамп Борбор Азия президенттерин отургузуп алып акыл үйрөткөнү мугалимдин алдындагы биринчи класстын окуучуларындай көрүнөт. Баары АКШ, Европа, Түркия, Кытай бул аймакка таасир этүүнү каалайт. Бирок бул селкинчекте чоң ката кетирип алуу оңой.
Мен көп векторлуулук деген сөздү жактырбайм. Баары менен дос болсоң, кыйынчылык келгенде эч ким жардамга келбейт. Жүз досуң болгончо, эки ишенимдүү өнөктөшүң болгону жакшы. Түндүк Кореяны алалы, алар Россияны тандашты, бүттү. Аларга Венесуэладагыдай операция жасай алышпайт, анткени алар дароо ядролук сокку урат.
Кыргызстан үчүн эң ишенимдүү өнөктөш Россия. Бизди тарых, маданият, тил жана ал жакта жашаган миллионго жакын мекендешибиз байланыштырат. Бизге өтө кыйын болгондо Вашингтонго же Анкарага эмес, Москвага кайрылабыз. Бизге түрк жээгинин кереги жок деген сөз биздин реалдуу коопсуздугубуз жөнүндө.
Ядролук ультиматум
— Дүйнө кайрадан атомдук курал тууралуу сүйлөй баштады. Бул коркутуу элеби?
— Биз уникалдуу жана коркунучтуу убакта жашап жатабыз. Негизги келишимдердин мөөнөтү бүттү. Франция, Кытай потенциалын арттырууда, Израил унчукпай турат. Россия болсо азыркы согушта эч бир армияда жок зор тажрыйба топтоду. Трамп тынчтанып, сүйлөшүүгө олтурушу үчүн ага тезирээк Нобель сыйлыгын берип коюш керек окшойт. Иранга кургактыктан чабуул жасоого АКШ менен Европанын күчү жетпейт, ирандыктар аларды өз жеринде жок кылышат. Бирок ракеталык-ядролук сценарий адамзат үчүн эң чоң коркунуч бойдон калууда.
— Иран ядролук бомба жасай алабы?
— Аларда технология бар. Уранды 60%га чейин байытышты, ал эми бомба үчүн 90% керек. Ага болгону 2–3 ай убакыт жетиштүү. Эгер коёнду бурчка такасаң, ал да атырылат. Иран буга барышы мүмкүн.
— Мындай кырдаалда карапайым адамдар эмне кылыш керек?
— Эң биринчи адам бойдон калуу керек. Иранда мектеп бомбаланып, балдардын өлүшү эч кандай саясат менен акталбай турган трагедия. Мен адекваттуу адамдарды Иран элчилигине барып, гүлдесте коюуга чакырам. Иран эч кимге ишенбейт, бирок мындай адамдык колдоо азыр алар үчүн абдан маанилүү. Эң жаман тынчтык да согуштан жакшы.
Маектешкен Владимир Банников
Тема боюнча: АКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодо