Кыргызстандын мурдагы Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырлыганын Super.kg порталы жазып чыкты.
«Ал кечээ Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан. Ал эми бүгүн эртең менен УКМКнын оперкызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө суракка чакыруу кагазын тапшырып кеткени белгилүү болду”, — деп жазылат анда.
Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов экс-элчиге мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июлда күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыруу жиберилгенин айткан.