Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Алмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды
18.03.2026 | 14:59

Бүгүн, 18-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо маселеси каралды. Жыйынтыгында депутаттар аталган кызматка Алмаз Бакетаевди шайлашты. Ал буга чейин Финансы министрлигинин төрагасы кызматын аркалап келе жаткан.
Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Анын талапкерлигин 73 депутат колдоду.
Белгилей кетсек, буга чейин Мелис Турганбаев өз каалоосу менен Улуттук банктын төрагалыгынан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат