Жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону америкалык Миша Тейт жеңил салмактагы чемпион кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттешүүнү каалайт.
Америкалык мушкер 2021-жылдын жайында Марион Реноду жеңип, ММАга кайтып келген, бирок ноябрда бразилиялык Кэтлин Виейрага утулуп калган. Андан кийин, Тейт жеңил салмак категориясына өтүүнү чечкен.
«Мен азыркы №1 мушкер Валентина Шевченко менен күрөшүүгө басым жасадым. Жакында биз аны Лас-Вегаста машыгуу учурунда жолуктурдук. Ал «азыр жакшынакай болгонум жакшы, балким келечекте баары башкача болот» деген таризде бир нерселерди айтты. Муну укканым жакшы болду, анткени ал мени келечектеги атаандашы катары көрөт», — деди Тейт.