Бишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жетти
Мамбет Мамакеев дүйнөдөн кайтты
24.11.2024 | 15:34
Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев 24-ноябрда 97 жашында дүйнөдөн кайтты. Маалыматты анын кесиптештери тастыкташты.
Медицина илимдеринин доктору Мамакеев хирург болуп 70 жылдан ашык иштеп, иш тажрыйбасында 30 миңге чукул операция жасаган. Ал Кыргызстанда хирургия борборун түзүп, дарыгерлердин жоон тобун даярдап, 120дан ашык илимий эмгек жараткан.
Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Мамакеев үйдүн тун баласы. Атасы Мамаке 93, апасы 85 жашында каза болгон.
Ал 2020-жылы Гиннесстин рекорддор китебинен эң узак хирург болуп иштеген адам катары диплом алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар