Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сынактын алкагында айыл өкмөттөр эки топко бөлүнүп, мыктылары аныкталган. Биринчи топко алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айыл өкмөттөрү кирсе, экинчи топ – биринчи топко кирбеген бардык айыл өкмөттөр болгон.
Биринчи тайпада жеңүүчү деп Талас облусундагы Аманбаев айыл өкмөтү табылып, 3 млн сом берилген. 2-орунду Жалал-Абад облусундагы Каргалык айыл өкмөтү ээлеп, 2 млн сом алган. 3-орунга татыган Ош облусундагы Чоң-Алай айыл өкмөткө 1 млн сом тапшырылган.
Экинчи тайпада жеңүүчү деп Ош облусунун Жоош айыл өкмөтү табылып, 3 млн сом тапшырылган. Ысык-Көл облусунун Барскоон айыл өкмөтү 2-орунду ээлеп, 2 млн сом алган. 3-орун Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүнө тийип, 1 млн сом берилген. Сынактын жалпы байге фонду 12 млн сомду түзгөн.
Касымалиевдин айтымында, бул сынак 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2023-жылы президенттин тапшырмасы менен айыл өкмөттөрдүн ишин баалоо критерийлери өзгөртүлүп, байге фонду 6 млн сомдон 12 млн сомго чейин көбөйтүлгөн.
«Учурда мамлекеттик бюджеттен шаарларды жана аймактарды өнүктүрүүгө миллиарддаган каражаттар бөлүнүүдө. Жүздөгөн өнөр жай ишканалары ачылууда. Ошону менен бирге айылдардын экономикалык дарамети да жогорулап, бул ресурстарды пайдалануу боюнча алардын укуктары так аныкталган. Ушундай шартта биз сиздерден амбициялуу демилгелерди, жигердүү аракеттерди күтөбүз», — деди ал.