Мындан ары курулуш объектилеринде “Бирдиктүү паспорт” илиниши милдеттүү

13.10.2025 | 13:05

Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, министрлик курулуш объектилери үчүн бирдиктүү форматтагы маалыматтык паспортту иштеп чыгып, бардык объекттерде милдеттүү түрдө орнотууну баштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, буга чейин ар кандай үлгүдөгү паспорттор илинген болсо, эми ар бир курулуш объектинде бирдей, ачык жана түшүнүктүү маалымат камтылган “Бирдиктүү паспорт” болушу зарыл. Бул документ аркылуу жарандар объект тууралуу толук маалымат алып, курулуш иштеринин мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын көрө алышат.

Бирдиктүү паспортто төмөнкү маалыматтар камтылат:

  • Курулуш министрлигинин расмий логотиби
  • Объекттин аталышы жана дареги
  • Курулуш компаниясынын маалыматы
  • Жооптуу адистердин аты-жөнү жана байланыш номери
  • Уруксат берилген документтердин номери
  • Башталышы жана аяктоо мөөнөттөрү
  • QR-код аркылуу объектке байланыштуу кошумча жана расмий маалыматты онлайн көрүү мүмкүнчүлүгү

Бул кадам курулуш тармагында ачык-айкындуулукту камсыздап, жарандардын суроолоруна түздөн-түз объекттен жооп алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Министрлик бардык курулуш компанияларын бекитилген талаптарга ылайык иш алып барууга чакырат.

Scroll to Top