Мыйзам бузуу аныкталды: Бишкек менен Ошто 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду

Саламаттык сактоо министрлиги мыйзам талаптарын бузган 78 жеке медициналык уюмдун ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик акыркы эки айда Бишкек жана Ош шаарларындагы 117ден ашуун жеке медициналык уюмду текшерген.
Жыйынтыгында 37 уюм лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган. Калган 80 уюмдун лицензиясы болгону менен, алардын көбүндө төмөндөгү талаптардын бузулушу катталган:
- Лицензиясы жок же лицензияда каралбаган багыттар боюнча кызмат көрсөтүү;
- Медициналык кызматкерлердин сертификаты, аккредитациясы же тиешелүү адистигинин жоктугу;
- Медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу;
- Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу, антисанитардык шарттар;
- Медициналык шаймандарды стерилизация кылбоо;
- Дары-дармектерди туура эмес сактоо жана колдонуу, анын ичинде өзгөчө көзөмөлдөгү препараттар;
- Оорунун негизделбеген диагноздору жана медициналык процедураларды жөнсүз дайындоо.
“Аныкталган бардык мыйзам бузуулар боюнча административдик чаралар колдонулду. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 4,5 миллион сомдон ашты. Мындан тышкары, 78 медициналык уюмдун иши убактылуу токтотулду”,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми лицензиясы жок ишмердик жүргүзгөн 37 уюмду иши укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.