2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилди
Бишкектин тургунунун 12 миллион сомун алдоо жолу менен алган шектүү кармалды
24.07.2025 | 16:10
Бишкек шаарынын тургуну өздөрүн УКМК, Улуттук банк жана Медакадемиянын өкүлүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдардын айынан электрондук эсебинен 12 миллион сомун жоготту. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Кылмышка шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү банктык эсептерди блоктоп, каражатты чыгарып, кылмыштын изин жашырууга катышкан деп айтылууда.
Учурда бул кылмышты уюштурган жана башка катышкан адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Кылмыш